Баткендиктерге дээрлик 20 миллион сомго насыялары жоюлду

Баткендиктерге дээрлик 20 миллион сомго насыялары жоюлду. Улуттук банк Баткен, Ош облустарындагы чек ара жаңжалында жабыркагандарга колдоо көрсөтүү токтомун чыгарган. Ага ылайык, каржы-насыя уюмдарына 474 карыз алуучу кайрылган.

 

Алардын ичинен 19 миллион 974 миң сомдук 298 насыя жоюлуп, 170 насыя реструктуризацияланды. Учурда арыздарды кароо уланууда.