Баткен облусунда кафе жана ресторандарда жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасына президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим сентябрда кыргыз-тажик чек арасында катталган каргашалуу окуяларга байланыштуу кабыл алынды. Чиновник белгилегендей, тыюу мектептердеги жана бала бакчалардагы жаңы жылдык балатыларга тиешелүү эмес.