Ошто жаңы жылдан тарта муздак суу үчүн тариф кымбаттайт.
Бул тууралуу “Ош суу каналы” ишканасынын жетекчисинин орун басары Талант Байкишиев билдирди. Анын айтымында, 1-январдан тарта түштүк калаа тургундары суунун бир кубометри үчүн 5 сом 31 тыйындын ордуна 6 сом 88 тыйындан төлөп калат.
Агынды суулар үчүн тариф жогорулап, 4 сом 20 тыйынга теңелди.