Кыргызстан 32 мамлекет менен инвестицияны коргоо боюнча келишимдерге кол койду

Кыргызстан 32 мамлекет менен инвестицияны коргоо боюнча келишимдерге кол койду. Алардын Жогорку Кеңеште ратификацияланышы күтүлүүдө.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте билдирди.

 

Анын айтымында, учурда Кыргызстан 20дан ашык мамлекет менен инвестицияны өз ара колдоо, илгерилетүү жана коргоо боюнча эки тараптуу келишимдердин катышуучусу болуп саналат. Премьер келишимдер кайсы өлкөлөр менен макулдашылганын тактаган жок.