Британиялык адистер Кыргызстанды Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча жол картасын түзүүгө жардам берет

Британиялык адистер Кыргызстандын учуу коопсуздугу боюнча мамлекеттик программасын жаңыртып, Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча жол картасын түзүүгө жардам берет.

 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Улуу Британиянын авиация агенттигинин адистери Кыргызстанга келди. Алар өлкөнүн учуу коопсуздугу боюнча мамлекеттик программасын карап чыгып, аны ICAO стандарттарына шайкеш келтирүүгө жардам берет. Долбоор бир нече этап менен ишке ашырылат.

 

Эске салсак, биздин өлкө  16 жылдан бери “кара тизмеде”.