Төө-Ашууда унаа кыймылы татаалданды

Төө-Ашууда унаа кыймылы татаалданды. Калың жааган карга байланыштуу, трассанын айрым тилкелеринде тыгындар жаралды. Андыктан, айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы чынжырларды жана күрөктөрдү ала жүрүү сунушталат.   Ошондой эле жол эрежелерин так сактап, авариялык абалды жаратпоо керек. Учурда Бишкек – Ош трассасында жолчулар жана атайын техника иштеп… Кененирээк…

Кыргызстан паспорту дүйнөнүн эң күчтүү паспортторунун рейтингинде 69-орунда турат

Кыргызстан паспорту дүйнөнүн эң күчтүү паспортторунун рейтингинде    69-орунда турат. Тизмени канадалык  Артон Кэпитал консалтинг компаниясы түздү.   Эксперттер белгилешкендей, кыргыз паспортунун ээлери виза албастан дүйнөнүн   27 өлкөсүнө бара алат. 45 мамлекеттин аймагына киргенден кийин уруксат кагазы талап кылынса, 126 өлкөгө документтерди эртелеп даярдоо керек.… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң бай үй бүлө аталды

Дүйнөдөгү эң бай үй бүлө деп Араб Эмираттарынын президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахайянанын үй бүлөсү аталды. Анын байлыгы 300 миллиард долларга жетет, деп билдирет британиялык The Times.   Аль Нахайянанын байлыгынын негизги бөлүгү энерго булактар менен соода кылуу, кыймылсыз мүлккө жана ар кандай компанияларга… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отуруму өтөт

Бишкекте бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отуруму өтөт. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 17 суроо талкууланышы күтүлүүдө.   Эң маанилүү маселелердин катарында ЕАЭБ алкагында бирдиктүү газ рыногун түзүү жана Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашуусун кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр бар. Андан тышкары, отурумда… Кененирээк…

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан алгачкы жуп бүгүн аныкталат

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан алгачкы жуп бүгүн аныкталат. Кечки саат 9да оюн талаасына Хорватия – Бразилия курамалары чыгат.   Дүйнө биринчиликтеринин алкагында курамалар 2 ирет беттешкен.   Эки жолу тең Бразилия жеңишке жеткен болчу. Ал эми түнкү саат 1де Нидерланды – Аргентина… Кененирээк…

Бишкекте троллейбустук каттамдар убактылуу өзгөрдү

Бишкекте № 5, 6 жана №11 маршруттук каттамдар убактылуу бир нече саатка токтотулду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди. Шаардык бийлик бул ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин саммитине байланыштуу экендигин айтты. «Мындан тышкары, №2 жана №10 маршруттук каттамдар Чүй проспекти менен каттабайт. Алардын маршруттук каттамдары убактылуу өзгөртүлдү.… Кененирээк…

Россия президенти Владимир Путин Бишкекке учуп келди

  Россия президенти Владимир Путин Бишкекке учуп келди. Ал ЕАЭБ саммитине катышат. Ошондой эле россиялык лидер саммиттин алкагында Армения премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушуу өткөрөт.   Расмий иш-чара бүгүн тар жана кеңири форматта өтөт.  

Бүгүн Бишкектин бардык мектептеринде жана лицейлерде сабактар кыскартылат

Бүгүн Бишкектин бардык мектептеринде жана лицейлерде сабактар кыскартылат. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Мындай чечим ЕАЭБ саммитине байланыштуу коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоо үчүн кабыл алынды.   Кортеждердин каттамы боюнча көптөгөн көчөлөр жабылат. Шаар тургундарынан нааразычылык пайда болушу мүмкүн.   Эске салсак, Бишкекте бүгүн… Кененирээк…