Бишкекте бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отуруму өтөт

Бишкекте бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отуруму өтөт. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 17 суроо талкууланышы күтүлүүдө.

 

Эң маанилүү маселелердин катарында ЕАЭБ алкагында бирдиктүү газ рыногун түзүү жана Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашуусун кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр бар. Андан тышкары, отурумда кийинки жылы ЕАЭБ органдарында төрагалык кылган өлкө аныкталат.