Дүйнөдөгү эң бай үй бүлө аталды

Дүйнөдөгү эң бай үй бүлө деп Араб Эмираттарынын президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахайянанын үй бүлөсү аталды. Анын байлыгы 300 миллиард долларга жетет, деп билдирет британиялык The Times.

 

Аль Нахайянанын байлыгынын негизги бөлүгү энерго булактар менен соода кылуу, кыймылсыз мүлккө жана ар кандай компанияларга салым жасоодон турат.

 

Рейтингде экинчи орунда 224,5 миллиард доллары менен америкалык Уолтон үй бүлөсү жайгашат. Алар Walmart дүкөндөр тармагынын ээси. Андан кийин таттуу азыктар компаниясынын негиздөөчүсү Марс үй бүлөсү турат. Алардын байлыгы 160 миллиард долларга жетет.