Кыргызстан паспорту дүйнөнүн эң күчтүү паспортторунун рейтингинде 69-орунда турат

Кыргызстан паспорту дүйнөнүн эң күчтүү паспортторунун рейтингинде    69-орунда турат. Тизмени канадалык  Артон Кэпитал консалтинг компаниясы түздү.

 

Эксперттер белгилешкендей, кыргыз паспортунун ээлери виза албастан дүйнөнүн   27 өлкөсүнө бара алат. 45 мамлекеттин аймагына киргенден кийин уруксат кагазы талап кылынса, 126 өлкөгө документтерди эртелеп даярдоо керек.

 

Эң күчтүү паспорт Бириккен Араб Эмираттарында, ал эми акыркы позицияда – 97-орунда Афганистандын документи турат.