Бишкекте троллейбустук каттамдар убактылуу өзгөрдү

Бишкекте № 5, 6 жана №11 маршруттук каттамдар убактылуу бир нече саатка токтотулду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Шаардык бийлик бул ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин саммитине байланыштуу экендигин айтты.
«Мындан тышкары, №2 жана №10 маршруттук каттамдар Чүй проспекти менен каттабайт. Алардын маршруттук каттамдары убактылуу өзгөртүлдү. №2 маршруттук каттам Фрунзе заводунан Аламүдүн-1 кичи районуна Москва жана Киев көчөлөрү менен каттайт. Ал эми №10 каттам Фрунзе заводунан Асанбай кичи районуна чейин Москва көчөсү менен жүрөт», — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, эртең, 9-декабрда, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн президенттеринин жыйыны өтөт.