Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышууда. Күн тартибинде учурдагы экономикалык абалды талкуулоо маселеси турат. Өлкө башчылары ошондой эле өтүп жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, биримдиктин өнүгүү перспективалары боюнча пикир алмашат. Мындан тышкары, шериктештикти… Кененирээк…

Кытайлык адистер темир жолдун ТЭОсун жакында тапшырат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин кытайлык адистер жакын арада тапшырат. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Маалым болгондой, адистердин тобу Нарын жана Жалал-Абад облустарында талаа иштерин жүргүзүштү. Эксперттер топографиялык изилдөөлөрдү, кыртыштын үлгүлөрүн сыноо сыяктуу жумуштарды аткарышты. Эске салсак, темир жол куруу долбоору боюнча кызматташуу келишимине… Кененирээк…

Бишкекте бул жуманын аягы катуу суук болот

Бишкекте бул жуманын аягы катуу суук болот. Синоптиктердин айтымында, ордо калаада күндүз термометр мамычалары  -7 градуска чейин түшөт. Кар кечкиге чейин тынбай жаайт.   Эртең жаан-чачын токтоп, күн чыкканы менен аба табы жылыбайт. Ишемби, жекшемби күндөрү ордо калаада күндүз температура -9, ал эми түнкүсүн -14… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда чектөөлөр киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунда чектөөлөр киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бул тоолуу тилкелерде кар көчкү түшүү коркунучу сакталганына байланыштуу.   Ведомстводон белгилешкендей, трасса кыймылга ачык. Болгону Сосновка, Арал постторунда жана Өтмөк ашуусунда унаалар 500 метрлик аралык менен өткөрүлүп жатат. Мындай чектөөлөр бүгүн жана… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлигинде мектептерде карантин киргизүү суроосу талкууланып жатат

Саламаттыкты сактоо министрлигинде мектептерде карантин киргизүү суроосу талкууланып жатат. Бул тууралуу 24 агенттигине ведомство жетекчисинин орун басары Улан Садыков билдирди.   Анын айтымында, учурда курч респиратордук вирустарга кабылгандардын саны кескин өсүүдө. Андыктан, мектептер жана стационарлардан маалымат күн сайын чогултулуп, канча бала ооруп, канчасы мектепке барбай… Кененирээк…

Касым-Жомарт Токаев саммитке катышуу үчүн Бишкекке келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди. Коңшу өлкөнүн башчысын «Манас» аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Токаев бүгүн, 9-декабрда, «Ала-Арча» резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Кечээ биринчилерден болуп Беларусь лидери Александр Лукашенко, бүгүн эртең менен Россия… Кененирээк…

Бишкекке Касым-Жомарт Токаев менен Никол Пашинян келди

Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, аларды «Манас» аба майданынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны башталат. Ага Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары катышат жана… Кененирээк…

Бишкектеги мектептер 2 күнгө онлайн окутууга өттү

Бишкектеги мектептер 2 күнгө онлайн окутууга өттү.   Билим берүү башкармалыгы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына байланыштуу мектептер 9-10-декабрда ондайн форматта окутууга өткөнүн билдирди.   Ага ылайык, мектеп директорлору ата-энелерге бул тууралуу кабар берүүгө милдеттендирилди. Мындай чечим бул күндөрү шаарда жолдор маал-маалы менен жабылып, коомдук… Кененирээк…

Испаниянын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Луис Энрике кызматын тапшырды

Испаниянын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Луис Энрике кызматын тапшырды. Жаңы машыктыруучу болуп 61 жаштагы Луис де ла Фуэнте дайындалды.   Ал буга чейин Испаниянын жаш курамасын машыктырып, Европа чемпионатын багындырган. Эске салсак, Луис Энрикенин тарбиялануучулары дүйнө чемпионатынын жарым чейрек финалында Марокко курамасына пенальти сериясында… Кененирээк…

Бишкекти жаңы жылга карата кооздоо иштери кийинки жумада жыйынтыкталат

Бишкекти жаңы жылга карата кооздоо иштери кийинки жумада жыйынтыкталат.   Мэрия маалыматына ылайык, учурга карата башкы балатынын темир каркасы тургузулду, учурда ага бутактарды орнотуу жумуштары жүрүп жатат.   Андан кийин оюнчуктарды жана гирляндаларды тагуу башталат. Белгилеп кетсек, быйыл адаттагыдан айырмаланып, 25 метрлик балаты аянттын түштүк… Кененирээк…