Төө-Ашууда унаа кыймылы татаалданды

Төө-Ашууда унаа кыймылы татаалданды. Калың жааган карга байланыштуу, трассанын айрым тилкелеринде тыгындар жаралды. Андыктан, айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы чынжырларды жана күрөктөрдү ала жүрүү сунушталат.

 

Ошондой эле жол эрежелерин так сактап, авариялык абалды жаратпоо керек. Учурда Бишкек – Ош трассасында жолчулар жана атайын техника иштеп жатат.

 

Кар тазаланып, инерттүү материал себилүүдө, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.