Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан алгачкы жуп бүгүн аныкталат. Кечки саат 9да оюн талаасына Хорватия – Бразилия курамалары чыгат.
Дүйнө биринчиликтеринин алкагында курамалар 2 ирет беттешкен.
Эки жолу тең Бразилия жеңишке жеткен болчу. Ал эми түнкү саат 1де Нидерланды – Аргентина ойноп, жарым финалга жолдомону талашат.