Илон Маск Гиннес рекорддор китебине кирди

Tesla, SpaceX жана Twitter компанияларынын жетекчиси Илон Маск тарыхта эң көп чыгымга дуушар болгон адам катары Гиннесстин рекорддор китебине кирди.

2022-жылдын аягында америкалык бизнесмендин байлыгы жыл ичинде 200 миллиард долларга азайып, 340 миллиард доллардан 137 миллиард долларга чейин төмөндөгөнү кабарланган. Азыр Маск байлар рейтингинин экинчи сабында. Биринчи орун француз ишкери Бернар Арного таандык.