Кыргызстандын Новосибирсктеги Башкы консулу алмашты

Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу алмашты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Калдарали Маматалиев Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматынан бошотулуп, анын ордуна Айбек Айдарбеков Башкы консул болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыктарга Садыр Жапаров кол койду.