Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп дайындалды

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Белгиленгендей, жаңы элчи дайындоо боюнча жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Осоев былтыркы жылдын октябрында Унаа жана жолдор министри кызматынан бошотулган.

Ал эми Япониядагы буга чейинки элчи Мирлан Арстанбаев 2022-жылдын августунда иштен алынган.