Кыргызстанда ызгардуу суук болжол менен дагы беш күнгө созулат.
Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 19-20-январда абанын температурасы бир аз жогорулашы күтүлөт.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, Бишкекте бүгүн түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Жолдор тайгак болот.