Жогорку Кеңеш мугалимдерди кемсинтүү үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорду кабыл алды. Документке ылайык, эгер мектеп окуучусу мугалимге орой мамиле жасап, кемсинтсе – ата-энесине эскертүү берилет.
Ал эми муну 18 жашка чыккан чоң киши жасаса, ал 1 миң сом айыпка тартылат. Документ 3 окууда кабыл алынды, эми ага президент кол коюшу керек.