Дүйнөдөгү эң баалуу бренд аталды

Amazon Apple компаниясын басып өтүп, дүйнөнүн эң баалуу брендине айланды.

Ошол эле маалда эксперттер бир жыл ичинде Джефф Безостун компаниясы 51 миллиард долларды жоготкондугун белгилешүүдө.

Amazon азыр 299 миллиард долларга бааланат.

Өз кезегинде Apple брендинин баасы 16 пайызга төмөндөп, 297,5 миллиард долларды түзөт.

Үчүнчү орунда 281 миллиард көрсөткүч менен Google турат.

Эң тез өнүгүп келе жаткан бренддердин бири болуп Tesla эсептелет.