Кыргызстанда ун менен нандын баасы кымбаттаган жок

Кыргызстанда ун менен нандын баасы кымбаттаган жок.

Экономика министрлиги билдиргендей, бул кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын дагы бир жылга узартуунун эсебинен мүмкүн болду.

Мындан тышкары, кумшекер, өсүмдүк майы, тооктун жумурткасы, арпа жана сулу КНСтен бошотулган.

Бул да айрым товарлардын баасын кармоого мүмкүндүк бергенин мекеме белгилейт.