Майлуу-Сууда жылуулукту калыбына келтирүү иштери улантылууда

Майлуу-Сууда жылуулукту калыбына келтирүү иштери улантылууда. Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы Болот Шаршеналиев Novost.kgге билдиргендей, шаарда 1 миң 807 абонент бар. Учурда алардын миңге жакыны жылуулук менен камсыздалды. Калган тургундарга жакынкы бир-эки күндө жылуулук берилери күтүлүүдө. Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 12-январда катуу сууктан улам… Кененирээк…

ОСАГОнун алкагында компенсация төлөө шарттары айтылды

Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди. ОСАГОнун алкагында компенсация төлөө шарттарын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тахмина Камчыбекова айтып берди. “Эгерде жабырлануучу тарап майып болуп калса 100-200 миңге чейин, өлүм кырсыгы катталган болсо 300… Кененирээк…

Өлкөдө кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иштери улантылат

Бишкек – ​​Ош жана Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолдорунда кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иштери улантылат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар артиллериялык техниканы колдонуу менен жүргүзүлүүдө. Кар көчкүлөрүн түшүрүү иштери эртең да болот. Мындай иштер жол коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.

ЖОЖго келишимдик негизде кышкы кабыл алуунун III туру бүгүн аяктайт

Жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун III туру бүгүн аяктайт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси эртең жарыяланат. Ал эми студент окуй тургандыгын 21-январга чейин тастыкташы керек.

Бишкекте кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Ишкерлер кеңешинин биргелешкен жыйыны өтөт. Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйын Бишкекте ушул жылдын 26-январында уюштурулат. Жыйынга даярдык көрүү алкагында Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. «Өкмөт баштаган Соода-өнөр жай палатасы эки өлкөнүн бизнесмендерине… Кененирээк…

Караколдо көп кабаттуу жаңы үй курулат

Караколдо 105-сериядагы көп кабаттуу жаңы үй куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендер Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти тарабынан жарыяланды. Турак жай Ысык-Көл облусунун Кашка-Суу №14 кичирайонунда салынат. Тендердин пландалып жаткан суммасы 300 миллион сомго жакын. Сынактык билдирүүлөрдү тапшыруунун мөөнөтү 31-январга чейин.

Кыргызстан 2 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттойт

Кыргызстан Казакстан менен Түркмөнстандан 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттойт. Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, келишимдер тартыштыкты азайтуу максатында түзүлдү. Чиновник ошондой эле бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,5 миллиард куб метрден ашканын белгиледи. Бул былтыркыдан 800 миллион кубометрге көп.… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоого байланыштуу 47 бала бакча жабылды

Кыргызстанда сасык тумоого байланыштуу 47 бала бакча жабылды. Оорулардын алдын алуу департаментинин маалыматы боюнча, бул мектепке чейинки мекемелердин жалпы санынын 2,5 пайызын түзөт. Мындан тышкары, катуу сууктан улам  Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым мектептери онлайн окутууга өттү. Ведомство  курч респиратордук вирустук инфекцияга… Кененирээк…

ОСАГО албаган айдоочуларга айып пул салынат

Кыргызстанда айдоочулар 1-январдан тарта камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирилди. Бул талапты аткарбаган унаа ээлерине апрелден баштап айып пул салынат, — деп билдирди Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тахмина Камчыбекова: “Бардык автоунаа ээлери 1-апрелге чейин унаасын камсыздандыруусу керек. Болбосо 3 миң сом… Кененирээк…

Айдоочуларды камсыздандыруу полисинин (ОСАГО) баасы канча?

Учурда Кыргызстанда 10 камсыздандыруу компаниясы айдоочуларга полис берип жатат. Алардын бирөө мамлекеттик болсо калганы жеке менчик ишканалар. ОСАГОнун баалары боюнча Novosti.kgге Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тахмина Камчыбекова айтып берди: “Базалык ставка 1 миң 680 сомдон башталат. Ага коэфициенттер кошулат.… Кененирээк…