Британиялык миллиардер «Манчестер Юнайтедди» сатып алууга даяр

Британиялык миллиардер Джим Рэтклифф «Манчестер Юнайтед» футболдук клубун сатып алууга даяр экенин билдирди.

Ал биринчилерден болуп клубду сатуу процесси жүрүп жаткан банкка өзүнүн кызыкчылыгын расмий  каттаган.

Талапкерлер арасында соода февраль айында башталышы керек.

Натыйжада, клуб сезондун аягына чейин башка бирөөнүн колуна өтүшү мүмкүн.

Белгиленгендей, британиялык учурда француздардын “Ницца” футболдук клубуна ээлик кылат.

Forbes анын байлыгын 15,5 миллиард доллар деп баалайт.