Майлуу-Суу шаарындагы таза суу түтүктөрүндөгү авария фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Novosti.kgге Башкы прокуратурадан билдиришкендей, иш “Шалаакылык” беренеси боюнча тергелип баштады.
Учурда иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгында окуянын себептери жана күнөөлүүлөр аныкталат.
Эске салсак, 13-январдан тарта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Катуу сууктан улам аймакта суу түтүктөрү тоңуп калган.
Анын кесепетинен турак жайларга жылуулук жана ичүүчү суу берүү үзгүлтүккө учурады.