Президенттик аппаратта суперкомпьютердин презентациясы болду

Президенттик аппаратта суперкомпьютердин презентациясы болду. Анын жардамы менен мамлекеттик тилди, илимди жана техниканы өнүктүрүү пландалууда, деп билдирди министрлер кабинети. Азыр Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жасалма интеллектти киргизүү боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатат. Келечекте бул текстти кепке жана тескерисинче которууга, ошондой эле тексттерди талдап, түзүүгө… Кененирээк…

Өлкөдө 1-февралдан тарта патент боюнча иштерге өзгөртүүлөр күчүнө кирет

Өлкөдө 1-февралдан тарта патент боюнча иштерге өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, ишмердүүлүктүн 19 түрү кыскарып, 86нын ордуна 67си калат. Анын ичинде жеке ишкердикке патенттердин саны 56дан 34кө чейин кыскарып, ал эми жекече эмгек, тескерисинче, 3 түр менен толукталат, башкача айтканда, 30дан 33ке… Кененирээк…

“Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 21-январдан тарта жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, мунун себеби Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу. “Эркечтам” бекети аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү 25-январдан тарта калыбына келтирилет. Ал эми “Торугарт” пункту ушул эле күнү Кытайдан Кыргызстанга… Кененирээк…

Бишкектин аткаминерлерине айып пул салынды

Бишкектин аткаминерлерине айып пул салынды. Башкы прокуратурадан такташкандай, буга декларациялардын өз убагында тапшырылбаганы жана жалган маалыматтардын берилиши себеп болгон. Жалпысынан 303 протокол түзүлдү. Соттор 250гө жакын иш боюнча чечим чыгарып, айып пулдун жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашкан. Калган иштер каралууда. Маалым болгондой, тартип бузгандардын… Кененирээк…

Япония Кыргызстандын төрт ооруканасына жабдууларды берет

Япон өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында өлкөдөгү төрт ооруканага жаңы жабдуулар берилет. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кеп Жумгал районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору, Мырза-Акедеги жалпы дарыгерлик практика борбору, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы жана Каракол шаарынын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору жөнүндө болуп жатат. Жабдуулардын тизмесине… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекте үй курууга тендер жарыялады

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекте үй курууга тендер жарыялады Анын алкагында ордо калаадагы 11-кичирайондо көп функционалдуу турак жай курулары белгилүү болду. Маалыматта ипотекалык компания аталган райондо дээрлик 10 гектар жерге ээлик кылары белгиленген. Инвесторлор курулуштун пайдубалынан баштап, батирлердин ачкычына чейин жасашы керек. Объектилер эксплуатацияга берилгенден кийин… Кененирээк…

Индия калкынын саны боюнча Кытайды артка калтырды

Индия калкынын саны боюнча Кытайды артка калтырды. Өткөн жылдын аягындагы маалыматка ылайык, Индияда 1 миллиард 417 миллион адам жашайт. Бул Кытайдагыдан беш миллионго көп. Өз кезегинде Кытайдын калкы өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу 850 миң адамга азайып, 1 миллиард 412 миллион адамды түздү. Мындай кыскаруу 60… Кененирээк…

Нарын: сууктан улам эртең мененки сабактар бир саатка кеч башталмай болду

Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдагы эпидемияга жана эпизотияга каршы комиссиясынын чечимине ылайык, Нарын шаарындагы окуу мектептеринде окууну баштоо эртең мененки саат 09:00гө жылдырылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, мындай чечим учурдагы ызгардуу суукка байланыштуу кабыл алынды. «Нарын шаарында отурум өтүп, анда орто мектептердин жылуулугун нормага ылайык кармоо жана… Кененирээк…

Майлуу-Суу: үйлөрдүн 80 пайызы жылуулук менен камсыздалды

Майлуу-Сууда көп кабаттуу үйлөрдүн 80 пайызы жылуулук менен камсыздалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндөгү тоңуп калган таза суу системасын атайын техника менен эритилип, 1 миң 234 абоненттин 800дөн ашыгына ысык суу берилди. Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу… Кененирээк…

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 40 пайызга өстү

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 40 пайызга өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыркы жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгында башка өлкөлөр менен соода жүгүртүү 10,5 миллиард долларды түздү. 2021-жылдын тийиштүү мезгилинде тышкы соода жүгүртүү 7,5 миллиард доллар болгон. Өткөн жылдын 11 айында сооданын 8,5 миллиард доллары импорт,… Кененирээк…