Кыргызстанда 1 миңден ашуун мектеп “математикалык сандыкчага” ээ болот

Кыргызстанда 1 миңден ашуун мектеп “математикалык сандыкчага” ээ болот.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, анда ири геометриялык фигуралар, сааттар, саноочу таякчалар сыяктуу графикалык моделдер камтылат.

Бул моделдерди колдонуу окуучуларга символдорду, аракеттерди жана эрежелерди жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Жалпысынан 3 миңден ашык комплект берилет.