Америкалык ырчы Бейонсе тарыхта эң көп “Грэмми” сыйлыгына ээ болду.
Акыркы аземде ага 32-статуэтка тапшырылды.
Артист «Ренессанс» альбому үчүн «Эң мыкты бий/электрондук музыкалык альбом» номинациясында жана CUFF IT композициясы үчүн «R&B стилинде мыкты ыр» категориясында сыйлык алды. Ошентип, Бейонсе Грэмми сыйлыгынын саны боюнча маркум британдык-венгриялык дирижер Георг Шолтиден ашып түштү.
Ал 31 сыйлыкка ээ болуп, 20 жыл лидерликти берген эмес.