Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат.

Социалдык тармактарда белгисиз адамдар банктын атынан жарандар 20 миң сом ала тургандыгы камтылган сурамжылоо жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат таратууда.

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул жалган экенин, алдамчылар ушундай жол менен жеке маалыматтарга жетүүгө аракет кылып жатканын белгилейт.

Шектүү билдирүүлөрдү алууда шилтемелерди баспай, карта номерин же башка жеке маалыматтарды да бейтаанышка бербеш керек.