Жыгач материалдарын экспорттоого тыюу салуунун мөөнөтү узартылды

Кыргызстанда жыгач материалдарын экспорттоого тыюу салуунун мөөнөтү узартылды.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары чектөө жарым жыл күчүндө болот.

Эске салсак, жыгач жана жыгач материалдарын сыртка чыгарууга буга чейинки алты айлык тыюу былтыр август айында киргизилген.