Кахраманмарашта кыргыз элчилиги менен консулдугунун штабы иштей баштайт

Эртеңден тарта Түркиядагы жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында Кыргызстандын элчилиги иштеп баштайт.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, убактылуу штабда Анталия менен Стамбул шаарларындагы Башкы консулдуктардын өкүлдөрү да иш алып барат.

Алар жабыркаган жерлерди кыдырып, кыргызстандыктарга жардам көрсөтүшөт.

Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн штабы күнү-түнү ишин улантууда.

Акыркы бир нече күндүн ичинде бул жерге 1700дөн ашуун чалуулар жана билдирүүлөр келип түшкөн.