Кыргызстанда КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши өтөт

Кыргызстанда КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши өтөт.

Тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаевдин айтымында, иш-чара 13-октябрга белгиленген.

Республикага шериктештикке кирген бардык өлкөлөрдүн президенттери келери күтүлүүдө.

Кеңеште Кыргызстан жыл ичинде КМШга кандай төрагалык кылганы боюнча отчет берет.

Мындан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жана өкмөттөрүнүн деңгээлинде жолугушуулар өткөрүлөт.

Расмий өкүлдөр жыйынтык чыгарып, келечектеги пландарын белгилейт.