Баткенде тез өсүүчү бактар отургузулат

Баткенде тез өсүүчү бактар отургузулат.

Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришкендей, кеп Лейлек районунун Максат айылы тууралуу болуп жатат.

“Жашыл чек ара” долбоорунун алкагында алма, алмурут, нектар жана гилас бактарын отургузуу пландалууда.

Бакчаларда багбанчылыктын негиздерин үйрөнүүнү каалаган жергиликтүү аялдар иштешет.

Келечекте өстүрүлгөн продукцияны экспортко чыгаруу жана республиканын базарларында же супермаркеттерде “Баткендик дыйкандардын эко продуктылары” деген ат менен сатуу пландалууда.