Ош шаарында быйыл беш бала бакча ачылат.
Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төрт бала-бакчанын курулушу учурда жүрүп жатат.
Бирөө жаңы башталат.
Амир-Темур, Курманжан-Датка кичи районунда, Кеңеш жана Ак-Тилек айылдарында курула турган мектепке чейинки билим берүүчү жайлар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.