Бишкектеги жаңы автобустар каттамга ушул жума чыга баштайт

Бишкектеги жаңы автобустар каттамга ушул жума чыга баштайт.

Бул тууралуу Novosti.kgге мэриянын транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда “бажыдан өткөрүү” жана “Унаа” мамлекеттик мекемесине каттоо иштери аяктап калды.

Эске салсак, ордо калаага Кытайдан 120 автобус келген.

Аларды сатып алууга бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.