Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 18 миллион сом чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 18 миллион сом чогулду.

Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат.

Эске салсак, буга чейин кырсык катталган аймакка кыргызстандык 147 адис барган.

Алардын арасында куткаруучулар, кинологдор, дарыгерлер жана психологдор бар.

Алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарында иштеп жатат.