Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 14 миллион сом чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 14 миллион сом чогулду. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат.   Эске салсак, буга чейин кырсык катталган аймакка кыргызстандык 147 адис барган. Алардын арасында куткаруучулар, кинологдор, дарыгерлер жана психологдор бар.   Алар зилзаланын… Кененирээк…

Хорватияда Галешняк аралы сатыкка чыгарылды

Хорватияда Галешняк аралы сатыкка чыгарылды. Бирок сатып алуучу анын бир бөлүгүнө эле ээ боло алат – 40 миң чарчы метрден ашык аянтына. Аралдын баасы – 13 миллион евро.   Бул жерде мейманкана, хан сарайлар жана ресторандар жок, буга карабай Галешняк аралына жыл сайын планетанын эң… Кененирээк…

Астана – Бишкек аба каттамы жанданат

Астана – Бишкек аба каттамы жанданат.   Бул тууралуу казакстандык авиакомпания маалымдайт. Коңшу өлкөнүн ордо калаасынан Бишкекке учактар 2-майдан тарта аткарылып баштайт.   Туруктуу каттамдар жумасына эки ирет – шейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлөт. Учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт. Эске салсак, Астана –… Кененирээк…

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү декларациясына кол коюлду

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү декларациясына кол коюлду. Бул тууралуу президент администрациясынан билдиришти.   Тараптар ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташууну жакшыртуу, айыл чарба, өнөр жай, энергетика, жашыл, креативдүү экономика, транспорт, санариптештирүү, соода, кен казуу жана текстиль өнөр жайы, билим… Кененирээк…

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси  эл аралык валюта рыногуна 40 миллион 20 миң доллар чыгарып сатты. Бул жыл башынан берки үчүнчү интервенция.   Биринчисинде рекорддук 104 миллион доллар сатылса, экинчиси бир жума мурда болуп, анда 47 миллион чыгарылган. Улуттук банк валюта… Кененирээк…

Эртең менен банан жеген зыян

Эртең менен банан жеген зыян. Нутрициолог Игорь Строков билдиргендей, минералдарга, витаминдерге жана клетчаткага бай банандардын албетте ден-соолукка пайдасы чоң.   Бирок аларды ачкарын жегенде ашказандын кычкыл балансы бузулушу мүмкүн. Анын деңгээли азайып, же тескерисинче көбөйүп кетиши мүмкүн. Ацидоз бат чарчоого жана баш айланууга алып келет.… Кененирээк…

Түркиянын Газиантеп провинциясындагы жер титирөөдөн жабыркаган Нурдагы шаарын толугу менен түрттүрүп салуу чечими кабыл алынды

Түркиянын Газиантеп провинциясындагы жер титирөөдөн жабыркаган Нурдагы шаарын толугу менен түрттүрүп салуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу аймактын губернатору Осман Билгин жарыялады.   Анын айтымында, калк жашаган түйүндө издөө жана куткаруу операциясы уланууда. Иштер аяктагандан кийин Нурдагы шаары жаңыдан курулат.

Кыргызстанда курч респиратордук вирустардын жана сасык тумоонун күч алышы катталууда

Кыргызстанда курч респиратордук вирустардын жана сасык тумоонун күч алышы катталууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 6-февралдан 12-февралга чейин республикада 6,5 миң учур катталды.   Бул буга чейинки аптага салыштырмалуу 9,5 пайызга көп. Өлкөдө күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Дарыгерлер эл көп чогулган жерге барбай, бет… Кененирээк…

Кыргызстандан өткөн жылы 1 миллиард 200 миллион доллар сыртка которулган

Кыргызстандан өткөн жылы 1 миллиард 200 миллион доллар сыртка которулган.   Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Кеп жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат.   Буга чейин 2021-жылы рекорддук сумма — 562 миллион доллар которулган. Негизги көлөм салттуу түрдө Россияга туура… Кененирээк…

Өтүп кеткен жылдын мыкты футболчусу наамына башкы 3 талапкер аталды

Өтүп кеткен жылдын мыкты футболчусу наамына башкы 3 талапкер аталды.   Кыска тизмеге ПСЖ жана Аргентина курамасынын форварды Лионель Месси, Франция жылдызы Килиан Мбаппе жана “Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема кирди.   Сыйлыктын ээси 27-февралда Париждеги сыйлоо аземинде жарыяланат. Эске салсак, Месси өткөн жылы Аргентина курамасы… Кененирээк…