Ош шаарына таза суу кечке чейин берилет деп күтүлүүдө

Ош шаарына таза суу кечке чейин берилет деп күтүлүүдө. Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан такташкандай, учурда калкты суу менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Сел түшкөн Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесине төрт атайын техника тартылган. Эске салсак, Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун… Кененирээк…

Индияда адам үйлөтүлгөн шарларга баш кошту

Индияда адам үйлөтүлгөн шарларга баш кошту. 28 жаштагы жигит бул буюмду чындап жакшы көрөөрүн билдирди. Индиялыктын айтымында, анын үйүндө шарлардын чоң коллекциясы бар. Адам алардын жарылып кетпеши үчүн кылдат мамиле кылып, курч объектилерден жана бурчтардан коргоп турат. Маалыматка ылайык, индиялык жашоодо баарынан шарларды жакшы көрөрүн… Кененирээк…

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 45 млн сом чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 45 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат. Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Иштамберди кениндеги кар көчкүдө төрт киши жабыркады

Жалал-Абад облусундагы Иштамберди алтын кенин иштеткен ишкананын жатаканасын кар көчкү басып, төрт киши жараат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, абалы оор бир жаран Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү. Кыргызгидромет борбору 19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдыгын… Кененирээк…

Бишкектин эки конушунда суу берүү токтотулат

Ушул жылдын 21-февралында Бишкек шаарынын эки конушунда суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-февралда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Мурас-Ордо конушунда, саат 09:00дөн 15:00гө чейин Калыс-Ордо конушунда суу өчүрүлөт. Мэриядан белгилешкендей, бул күнү турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка… Кененирээк…

Туризм жана саякат боюнча бүткүл дүйнөлүк кеңеш эс алуу үчүн эң тассирдүү багыттардын тизмесин түздү

Туризм жана саякат боюнча бүткүл дүйнөлүк кеңеш эс алуу үчүн эң тассирдүү багыттардын тизмесин түздү. Рейтингди Париж жетектейт, өткөн жылы анда туристтер 35 миллиард доллар калтырып кетишкен.   Лидерлердин үчилтигине Пекин жана Орландо шаарлары кирет. Аналиктердин пикиринде, алдыңкы 10 жылда абал өзгөрүшү мүмкүн, алсак, Париждин… Кененирээк…

Нарын облусунун бир катар райондорунда чукул кырдаал режими киргизилди

Нарын облусунун бир катар райондорунда чукул кырдаал режими киргизилди.   Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу 2 күнгө жабылды.   Эске салсак, кечээ трассанын эки тилкесинде кар көчкү түштү. Жолчулар түнү менен трассаны тазалады. Бирок кар көчкү түшүү… Кененирээк…

Түркияда уранды алдында 10 күн жаткан бала тирүү табылды

Түркиянын Хатай провинциясында жер титирөөдөн кийин уранды алдында 260 саат жаткан 12 жаштагы баланы тирүү табышты. Бул тууралуу TRT Haber телеканалы билдирди. «260 сааттан кийин куткаруучулардан дагы бир жакшы кабар келди. Хатай шаарынын Антакья районунда уранды алдынан баланы тирүү алып чыгышты», — деп кабарлады телеканал. Соңку маалыматтар… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда 2 кар көчкү түштү

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда 2 кар көчкү түштү. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары трассанын 302-303-чакырымдарында түшүп, алардын жалпы көлөмү 12 миң кубометрден ашат.   Жеринде жолчулар жана атайын техника түнү менен иштеп, учурда жол унаа кыймылына ачык, — дешти… Кененирээк…

Кытайда баңгизатты эми тыйын чычкандар издейт

Кытайда баңгизатты эми тыйын чычкандар издейт. Аларды учурда жергиликтүү полиция кызматкерлери үйрөтүп жатат.   Эксперимент улуттук долбоор деп аталды. Тыйын чычкандардын жыт сезүү жөндөмү күчтүү болуп, алар бардык бурчтарга жете алат.   Андыктан, тыюу салынган заттарды табууда алардын жардамы чоң болот. Учурда жаныбарлар баңгизат тапкан… Кененирээк…