Жалал-Абад облусундагы Иштамберди алтын кенин иштеткен ишкананын жатаканасын кар көчкү басып, төрт киши жараат алды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, абалы оор бир жаран Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү.
Кыргызгидромет борбору 19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдыгын билдирген.
Аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылган.
Нарында болсо кар көчкүдөн улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди.