Кытайда баңгизатты эми тыйын чычкандар издейт

Кытайда баңгизатты эми тыйын чычкандар издейт. Аларды учурда жергиликтүү полиция кызматкерлери үйрөтүп жатат.

 

Эксперимент улуттук долбоор деп аталды. Тыйын чычкандардын жыт сезүү жөндөмү күчтүү болуп, алар бардык бурчтарга жете алат.

 

Андыктан, тыюу салынган заттарды табууда алардын жардамы чоң болот. Учурда жаныбарлар баңгизат тапкан жерин тытмалап белгилегенди үйрөнүштү. Алар жакында посылкалар менен сактоочу жайларга кызмат өтөөгө жөнөтүлөт.