Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда 2 кар көчкү түштү

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда 2 кар көчкү түштү. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары трассанын 302-303-чакырымдарында түшүп, алардын жалпы көлөмү 12 миң кубометрден ашат.

 

Жеринде жолчулар жана атайын техника түнү менен иштеп, учурда жол унаа кыймылына ачык, — дешти ведомстводон.