Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 45 млн сом чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 45 миллион сом чогулду.

Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат.

Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.