Нарын облусунун бир катар райондорунда чукул кырдаал режими киргизилди.
Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу 2 күнгө жабылды.
Эске салсак, кечээ трассанын эки тилкесинде кар көчкү түштү. Жолчулар түнү менен трассаны тазалады. Бирок кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан, жолду 19-февралга чейин тосуу чечими кабыл алынды. Кооптуу тилкелерде кар массалары атайлап түшүрүлгөндөн кийин кыймыл жанданат.