Кыргызстанда бирдиктүү эсеп-дүмүрчөктөр жана электрондук товар-транспорттук коштомо кагаздар бириктирилет

Кыргызстанда бирдиктүү эсеп-дүмүрчөктөр жана электрондук товар-транспорттук коштомо кагаздар бириктирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.   Анын айтымында, ишкерлердин жумушун жеңилдетүү максатында жыл аягына чейин системалар бириктирилет, учурда бул жаатта иштер жүрүүдө.   Ведомство маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө электрондук товар-транспорттук коштомо… Кененирээк…

Кытайдан келген жаңы автобустар бүгүн каттамдарга чыкты

  Кытайдан келген жаңы автобустар бүгүн каттамдарга чыкты. Транспорт департаментинин жетекчиси Максат Нусувалиевдин айтымында, эртең менен линияларга 50 жаңы транспорт кое берилди.   Алар бир нече автобустук каттамдарга бөлүштүрүлгөн. Эске салсак, шаар бюджетинен жаңы автобустарды сатып алууга  1 миллиард сом бөлүнгөн. Жакынкы арада дагы 124… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунда көчмө видео камералар жөнүндө эскертүүчү жол белгилер орнотулуп жатат

Бишкек жана Чүй облусунда көчмө видео камералар жөнүндө эскертүүчү жол белгилер орнотулуп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Эске салсак, техника автоматтык режимде бузууларды сүрөткө жана видеого тартуу үчүн колдонулат. Эрежеге ылайык, анын жанында дайыма эскертүү берүүчү белги болушу керек.… Кененирээк…

Тайланддын тургуну колуна нике күбөлүгүн татуировка кылып тарттырды

Тайланддын тургуну колуна нике күбөлүгүн татуировка кылып тарттырды. Мындай жол менен ал жубайын Ыйык Валентин күнү менен куттуктады. 34 жаштагы эркектин айтымына, ал аялы менен 8 жылдан бери жашап келет жана бул ирет өзгөчө ыкма менен куттуктагысы келген.   Анын сүрөтү социалдык тармактарда колдонуучулардын мактоосуна… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Ведомство маалыматына ылайык, аба-ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек-Ош, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Ош — Сары-Таш — Иркештам унаа жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга бул трассалар менен жүрүүдө этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

Кыргызстандагы бардык имараттардын жана үйлөрдүн жер титирөөгө туруштугун өкмөт текшерет

Кыргызстандагы бардык имараттардын жана үйлөрдүн жер титирөөгө туруштугун өкмөт текшерет. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш отурумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди.   Бетондун сапаты Кашкаров балкасы менен ал эми  имараттардын калыңдыгы атайын рентген-аппараты менен текшерилет. Кандайдыр бир бузуулар аныкталса,… Кененирээк…

Бишкекте 11 маршруттук каттам бир айга өзгөрөт

Бишкекте 11 маршруттук каттам бир айга өзгөрөт.   Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Асаналиев көчөсүнүн Лев Толстойдон Московскийге чейинки бөлүгүнө канализация тартылат.   Буга байланыштуу, 19-февралдан 19-мартка чейин №222, 260, 107, 204, 227, 176, 161, 133, 136, 135, 134 микроавтобустардын каттамы өзгөрөт.

Өткөн жылга бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу уланууда

Өткөн жылга бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу уланууда. Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана ишкерлер    2022-жылдагы кирешеси, мүлкү тууралуу отчет бериши керек.   Өз убагында тапшырбагандарга 5 миң сомго чейин айып салынат.… Кененирээк…

Кыргызстанда көп кабаттуу үй курган компанияларга котлован казуу этабында кардарлардан акча чогултууга тыюу салынат

Кыргызстанда көп кабаттуу үй курган компанияларга котлован казуу этабында кардарлардан акча чогултууга тыюу салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Анын айтымында, курулуш компаниялары үйлөрдү өзүнүн каражатына же кредиттик ресурстардын эсебинен салышы керек. Котлован казуу учурунда эле акча чогулткан механизмдерге эми өкмөттүк… Кененирээк…

Кыргызстандык куткаруучулар ишин Хатайда улантат

Кыргызстандан Түркияга барган куткаруучулар жумушун зилзалада катуу кыйраган Хатай провинциясында улантат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 16-февралда кабарлады.   Аптанын башында Бишкектен барган 200гө жакын адис буга чейин Кахраманмараш шаарында издөө операцияларына катышып, урандылардын астынан беш адамды аман алып чыгышты.   6-февралда Түркия… Кененирээк…