Ошто алгачкы мамлекеттик компьютердик томография иштей баштады

Ошто алгачкы мамлекеттик компьютердик томография иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, облустар аралык бириккен ооруканасында жайгашкан аппаратта кызматтын баасы тактала элек. Бирок тез арада медициналык жардамга муктаж болгондор акысыз текшерилүүдө. Компьютердик томография республикалык бюджеттин эсебинен 28 миллион сомго сатылып алынган.

Кыргызстанда үч майрамды жумуш күнү деп жарыялоо сунушталды

Кыргызстанда үч майрамды жумуш күнү деп жарыялоо сунушталды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, 23-февраль (Ата Мекенди коргоочулардын күнү), 7-апрель (Апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү) күндөрүн майрам бойдон калтырып, бирок иш күндөрү деп… Кененирээк…

Акжол Махмудовдун агасы эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

Кыргызстандык эки балбан Египетте өтүп жаткан эл аралык мелдеште коло байгеге татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды. Мелдеш ушул күндөрү Александрия шаарында өтүүдө. Анда грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов коло үчүн кармашта казакстандык Мадияр Мальтекбаевди 9:0 эсебинде утуп алды. Ал эми Раззак Бейшекеев… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспортто буюм жоголсо кайда кайрылса болот?

Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан табылгалар бюросу уюштурулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, жарандар коомдук транспортто бир нерсени жоготуп же таап алса телефон аркылуу кайрылып, арыз калтыруу жетиштүү болот. Арызда унутулган, табылган нерсени деталдуу сүрөттөп, маршруттун номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү керек. Кайрылууларды 7-Апрель… Кененирээк…