Ошто алгачкы мамлекеттик компьютердик томография иштей баштады

Ошто алгачкы мамлекеттик компьютердик томография иштей баштады.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустар аралык бириккен ооруканасында жайгашкан аппаратта кызматтын баасы тактала элек.

Бирок тез арада медициналык жардамга муктаж болгондор акысыз текшерилүүдө.

Компьютердик томография республикалык бюджеттин эсебинен 28 миллион сомго сатылып алынган.