Бишкек – Торугарт унаа жолу ачылды

Бишкек – Торугарт унаа жолу ачылды. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кооптуу тилкелердеги кар көчкү атып түшүрүлдү.   Бирок Нарын гидрометеорология борбору жолдун 301-306-чакырымында майда кар көчкү түшүү коркунучу дагы эле бар экенин эскертет. Андан улам унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.… Кененирээк…

Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга карата жаза күчөтүлөт

Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга карата жаза күчөтүлөт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам 8-марттан тарта күчүнө кирет.   Максаты — аварияларды азайтуу. Документке ылайык, жол чырактын кызыл түсүнө өтүү же тротуар менен жүрүү үчүн айып 3 миң сомдун ордуна, 5 миңге теңелет.… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн курорттук аймагындагы 63,8 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл районунун курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан 63,8 миллион сомдук жер участогу мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Чок-Тал жана Өрнөк айылдарынын ортосунда жайгашкан жердин аянты 4,62 гектарды түзөт. Текшерүү учурунда 2013-жылы Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде Ч.Т. аттуу жарандын наамына «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл филиалы… Кененирээк…

Акылбек Жапаров Баткенде салынган жаңы үйлөрдүн сапатын текшерип жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, ал кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышат. Жалпысынан 418 үй жарактан чыккан, анын ичинде Баткен районунда 317, Лейлек районунда 100 жана Баткен шаарында… Кененирээк…

«Куланак» ГЭСин курууга кыргыз-россия өнүктүрүү фонду 44 млн доллар бөлөт

Нарындагы «Куланак» ГЭСин курууга кыргыз-россия өнүктүрүү фонду 44 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ГЭСтин курулушун каржылоо боюнча чечим фонддун кеңешинин Москвада өткөн жыйынында жактырылды. Долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты 18 пайызга кыскартууга жардам берет. Курулуш… Кененирээк…

Кыргызстанда 8-марттан тарта жол эрежесин бузгандар үчүн жазалоонун жаңы нормалары киргизилет

Кыргызстанда 8-марттан тарта жол эрежесин бузгандар үчүн жазалоонун жаңы нормалары киргизилет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мас абалында унаа башкарган айдоочу 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Эгерде айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартса, анда ал үч суткага, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок… Кененирээк…

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 63 млн сомдон ашык чогулду

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 63 миллион сомдон ашык чогултту. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат. Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Ош: Кара-Сууда айыл чарба продукциясынын жарманкеси өттү

Кара-Суу районунда жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү максатында ирригация, үрөн, жер семирткичтер, лизинг, айыл чарбасын каржылоо жана ветеринария тармагындагы маселелер боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу районунун акими, райондук… Кененирээк…

Чүй облусунда жаңы заманбап цемент завод курулат

Чүй облусунда жаңы заманбап цемент завод курулат. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор Москвада өткөн кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйынында жактырылды. Курулушка аталган фонд тарабынан 45 миллион доллар бөлүнөт. Анын кубаттуулугу жылына 1,5 миллион тонна цементти түзөт. Муну менен Кыргызстан импорттон көз карандысыз болот деп күтүлүүдө.… Кененирээк…

Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн таңга маал Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна узундугу 150 метр, бийиктиги 4 метр кар көчкү түшкөн. Учурда тазалоо иштери жүрүп… Кененирээк…