Окумуштуулар айлыктын аздыгы эрте өлүмгө алып келет деген жыйынтык чыгарышты

Окумуштуулар айлыктын аздыгы эрте өлүмгө алып келет деген жыйынтык чыгарышты.

Нью-Йорктогу Колумбия университетиндеги 26 жылдык изилдөөгө 50 жаштан жогору 4 миңден ашык адам катышкан.

Стабилдүү аз киреше эрте каза болуу коркунучун 135 пайызга көбөйткөн.

Төмөн киреше жана туруксуз жумуш тобокелдикти 218 пайызга жогорулатты.

Иликтөөнүн авторлору бийлик элдин кирешесин жогорулатууга көбүрөөк көңүл бурушу керек, бул калктын өмүрүнүн узактыгын узартышы мүмкүн деп эсептешет.