Бишкекте шаарды көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланды

Бишкекте шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланды.

Муниципалиттен билдиришкендей, иш-чара 31-майга чейин болот.

Ал эми 4-мартта ордо калаада жалпы жазгы ишембилик өткөрүлүп, көчөлөр, короо-жайлар тазаланып, көчөттөр отургузулат.

Анда имараттарга жана курулуштарга жанаша турган ирригациялык тармактарды, ошондой эле парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат.