Бишкекте беш жаңы конушту өнүктүрүү долбоору ишке кирди

Ордо калаада беш жаңы конушту өнүктүрүү долбоору ишке кирди.

Бишкек шаардык кеңешинен билдиришкендей, кеп Ак-Босого, Калыс-Ордо, Арча-Бешик, Бакай-Ата жана Рухий-Мурас конуштары жөнүндө болуп жатат.

Адистер 6-8 айдын ичинде аймакты комплекстүү өнүктүрүү боюнча изилдөө жүргүзүп, техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгышат.

Долбоордун максаты жаңы конуштагы тургундардын жашоосун жеңилдетүү экендиги белгиленди.