Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 50 пункт курууну пландоодо.
Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Эске салсак, буга чейин таштандыларды сорттоочу пункттар Жибек-Жолу проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде, Бишкек Парк соода борборунун жанында, Раззаков менен Жумабек, Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган.