Алкоголсуз энергетикалык суусундуктарга акциздик ставка он эсеге төмөндөтүлдү

Алкоголсуз энергетикалык суусундуктарга акциздик ставка он эсеге төмөндөтүлдү.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын 31-декабрына чейин салыктын ставкасы литрине 20 эмес, эки сом болот.

Ал эми 2024-жылдын 1-январынан тарта бул сумма 30 эмес, үч сомду түзөт.

Мындан тышкары келерки жылы энергетикалык суусундуктарды милдеттүү түрдө маркировкалоо киргизилет.

Бул товарлардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоочу эффективдүү механизм болуп саналат жана калкты контрафакттык продукцияны керектөөдөн коргоого багытталган.